Майлуу-Суу шаарынын мэри алмашты
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Алтынбек Жумаев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Алмаз Байгазиев дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, Алмаз Байгазиев буга чейин Ысык-Көл районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген.