Майыптыгы бар жарандарга дарылануу үчүн жаңы тартип киргизилет

12-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 134

Министрлер Кабинети майыптыгы бар жарандарды санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо менен камсыз кылуу жана алардын ордуна акчалай компенсация төлөп берүү тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жаңы тартип мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду кыскартуу максатында иштелип чыккан. Мындан ары майыптыгы бар жарандарга берилген санаториялык жолдомодон баш тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, анын ордуна акчалай компенсация алууга шарттар каралат.

Финансы министрлигине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте бул багыттагы чыгымдарды жыл сайын республикалык бюджеттен каржылоо тапшырылды. Каражаттар жолдомолорду сатып алууга жана компенсацияларды өз убагында төлөп берүүгө жумшалат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү уюштуруу жана техникалык иштерди жүргүзүү милдети жүктөлдү.
Документ 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X