Максат Алымбеков Жогорку Кеңеште ант берди
20-майда Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында №20 округдан шайланып келген Максат Алымбеков ант берди.
Ага 19-майда Борбордук шайлоо комиссиясы күбөлүк жана төш белги тапшырган.
Максат Алымбеков өз каалоосу менен мандатын тапшырган Темирлан Айтиев ордуна келди.