Мал чарбасын коргоо. Өлкөгө жаңы сапаттагы вакцина алынып келинди
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мал жандыктарын Шарп ылаңы илдетинен коргоо максатында өлкөгө жогорку сапаттагы вакцина алып келингенин билдирди.
Маалыматка ылайык, вакциналарды сатып алуу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Жалпы 1 миллион доза вакцина өлкөгө толугу менен жеткирилип, учурда аймактарга бөлүштүрүлүүдө.
Министрликтин маалыматына караганда, бул ирет алынган препарат Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугун коргоо уюму тарабынан таанылган эл аралык сертификатка ээ. Сапаттуу вакцинаны өндүрүү боюнча Россия менен 2026-жылдын 10-мартында түз келишим түзүлгөн.
Ошондой эле буга чейин шарп ылаңына каршы вакциналар тендер аркылуу эң арзан баа сунуштаган компаниялардан сатып алынып келгендиктен, препараттардын сапаты боюнча көйгөйлөр жаралып турганы белгиленди. Мындан ары мындай маанилүү ветеринардык препараттар түз келишимдин негизинде алынары айтылды.
Министрлик мал ээлерин жана фермерлерди ветеринардык адистерге өз убагында кайрылып, малды алдын ала эмдетүүдөн өткөрүүгө чакырды.