Мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы лаборатория ишке берилди

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109

Бүгүн  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунда капиталдык оңдоодон өткөн имараттын жана жаңы химиялык лабораториянын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага министрдин орун басары Асел Кененбаева катышты.Возможно, это изображение текст

Ачылыш аземинин алкагында институттун ишмердүүлүгүн колдоо максатында мекемеге жаңы микроавтобус тапшырылды. Мындан тышкары, мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү маселелерине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.Возможно, это изображение парфюмерное средство

Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси, KOPIA борборунун жетекчиси, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген адистер катышты.Возможно, это изображение текст

Белгилей кетсек, илимий институттун имараты KOPIA борборунун колдоосу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ал эми жаңы химиялык лаборатория үчүн керектүү жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X