Мал ылаңдарына каршы вакцина чыгаруучу завод курулат

18-март, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 111

Кыргызстанда мал ылаңдарына каршы вакцина чыгаруучу заманбап завод куруу пландалууда. Долбоордун болжолдуу наркы 10 млн долларды түзөт.

Бул маселе суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен «Алтын Тамыр» акционердик коомунун өкүлдөрүнүн жолугушуу учурунда талкууланды.

Маалыматка ылайык, жаңы ишкана ветеринардык биопрепараттарды чыгарып, ички рынокту камсыздоо менен катар продукцияны Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Афганистанга экспорттоону көздөйт. Азыркы тапта «Алтын Тамыр» 20га жакын биопрепарат өндүрөт.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекет жеңилдетилген насыяларды жана инвесторлорго атайын шарттарды карап жатат.

18-март, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 111
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X