"Эркин-Тоо"

Малды эмдөө иштери жүрүп жатат

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын Эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов жазгы эмдөө учурда кызуу жүрүп жаткандыгын билдирди. “Эмдөө иштери мал жайлоого кеткиче аякташы керек.
Учурда ири мүйүздүү малды шарпка, бруцеллезго каршы эмдөө иштери кызуу жүрүүдө. Ошондой эле ургаачы малдан бруцеллезго кан алуу иштери дагы аткарылууда»,-дейт Дайыркул Саткынов
Адистин берген маалыматына таянсак, азыркы тапта жалпысынан 400 миңден ашуун вакцина сайылган. Калган вакциналар бардык регионго жеткирилип берилген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!