Малик-Айдар Абакиров: «21 миңден ашуун ишкерге кепилдик колдоо көрсөтүлдү»
Кыргызстанда ишкерлер үчүн каржылоого жеткиликтүүлүк маселеси бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон калууда. Айрыкча күрөө жетишсиздиги көпчүлүк ишкерлер үчүн негизги тоскоолдук болуп саналат. Мындай шартта «Кепилдик фонд» тарабынан сунушталган кепилдик механизми ишкерлерге жана жарандарга реалдуу колдоо көрсөтүп келет. Бул тууралуу «Кепилдик фонд» ААКсынын башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров гезитке берген интервьюсунда билдирди.
– Малик-Айдар агай, кепилдик деген эмне? Ал кимдерге берилет?
– Кепилдик — бул банктан насыя алууда жетишпеген күрөөнү толуктоо механизми болуп эсептелет. Эгерде ишкердин же жарандын күрөөсү жетишсиз болсо, биздин фонд ошол жетишпеген бөлүгүн кепилдик катары камсыздайт. Мурда ишкерлер мындай жагдайларда тууган-туушкандарынан же тааныштарынан күрөө сурап, маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылышчу. Мамлекет ушул сыяктуу көйгөйлөрдү эске алып, «КФ» ААКны түзүү чечимин кабыл алган. 2011-жылдан баштап Кыргыз Республикасында кепилдик берүүнүн жаңы финансылык системасы — кепилдик фонддору калыптанып баштаган. Ал эми Кепилдик фонду ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында 2016-жылы түзүлгөн. Белгилүү болгондой, ишкерлер банктардан насыя алууда көбүнчө күрөө жетишсиздигине туш болушат. Мындай учурда алар керектүү сумманы толук ала албай, кошумча күрөө издөө зарылчылыгы жаралат. Кепилдик, адатта, бизнес долбоорлор боюнча насыянын суммасынын 50%ына чейин жетиши мүмкүн. Ал эми биздин жарандарыбыз үчүн биз ипотекага турак жайды баштапкы төлөмдү алууга «Келечек», ошондой эле автоунааны баштапкы төлөмү жок алууга «Унаа» деген кепилдиктерди ишке киргиздик. Бул кепилдиктер боюнча биздин колдоо 30%га чейин каралган. Биздин негизги максат — ишкерлерге каржылоону жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандарыбызга турак жайлуу жана унаалуу болгонуна жардам берүү.
– Кепилдик менен насыя алуунун талаптары кандай?
– Кепилдик алуу үчүн жаран же ишкер түздөн-түз Кепилдик фондуна кайрылбайт. Алар коммерциялык банктарга кайрылышат. Эгерде насыя алуу учурунда күрөө жетишсиз болсо, банк фонд аркылуу кепилдикти тариздеп берет. Ал эми ипотека, өндүрүш, айыл-чарба, кайра иштетүү багыттарына 2% менен берилет, башка тармактарга 2,5% менен болот.
– Акыркы жылдары канча ишкер колдоо алды?
– Фонд иш алып барган мезгил ичинде 21 миңден ашуун ишкерге кепилдик берилди. Жалпы кепилдиктердин көлөмү 18 млрд сомдон ашты, ал эми банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмү 54 млрд сомдон ашык болду. 2025-жылы 2 914 кепилдик берилип, 4,1 млрд сом каржылоо камсыздалды. Кепилдиктердин 85%ы аймактардагы ишкерлерге туура келет. Мисалы, 1 млн сомдук насыянын 300 миң сомуна кепилдик берилген учурда, 5 жылдык мөөнөткө комиссия орто эсеп менен 6 миң сомду түзөт. Бул сумма бир жолу гана төлөнөт. Фонд бир жолку комиссия алат.
– Ишкер эмес, жарандар да муктаждыктары үчүн кепилдик ала алабы?
– Ооба, жарандар ипотека же автоунаа алуу үчүн кепилдик ала алышат. Тагыраагы жарандар “Келечек” жана “Унаа” кепилдик багыттары боюнча колдоо ала алышат. Мисалы, «Келечек» кепилдиги боюнча турак жай алууга 165 жаран колдоо алган. Ал эми «Унаа» боюнча кепилдик алгандардын саны 177ни түзөт. Бул эки продукт 2025-жылдын экинчи жарымында, жыл аягына жакын гана ишке киргизилгенине карабастан, бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандары арасында суроо-талап өсүп, кызыгуу жогорулап жатат. Бул боюнча жарандар бардык кызыктырган суроолорун коммерциялык банкттарга кайрылып жооп ала алышат.
– Бүгүнкү күндө фонд капиталынын көлөмү кандай?
– Акыркы жылдары Кепилдик фондунун капиталы кыйла өстү. Бүгүнкү күндө уставдык капитал 6 млрд 632 млн сомду түзөт.
– Өткөн жылы өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча маанилүү чечим кабыл алынган. Анын алкагында Кепилдик фонд кандай иштерди аткарат?
– 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Президент Садыр Жапаров кол койгон бул Жарлыкта өлкөнү андан ары динамикалуу жана комплекстүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу максаты белгиленген. Аталган документте фонддун ишине байланыштуу өзүнчө багыт каралып, кепилдик инструменттерин кеңейтүү жана фонддун капиталын көбөйтүү милдеттери белгиленген. Бул саясаттын алкагында өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы ишканаларды түзүүгө айыл чарбасын колдоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Мээрим Бактыбек кызы