Малик Бектурганов Башкы прокурор болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Бектурганов Малик Маамыталиевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалды.