Мамасадык Бакиров, Ош облусунун экс- губернатору: Жергиликтүү жетекчилер “кол тийгис кастага” айланышпайт

 -Мамасадык Сабирович, Президенттин Чолпон-Атадагы жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуусу, аларга берилген кошумча ыйгарым укуктар, жүктөлгөн милдеттер боюнча оюңуз кандай? Кыргыз чиновниктерин өзүңүз жакшы билесиз да, колуна кичине эле бийлик тийсе “көзү тумандап” каларын. Мындай камкордук менен жергиликтүү жетекчилерди кол тийгис “кастага” айлантып албайбызбы?
— Президент Садыр Нургожоевичтин Чолпон-Атадагы резиденцияда жергиликтүү бийлик жана күч органдарынын башчылары менен жолугушуусу, аларга мыйзам жагынан кошумча ыйгарым укуктардын берилиши өз убагында туура берилген милдеттер болуп калды. Туура, мындай ыйгарым укуктар буга чейин деле болгон. Бирок, аткаруу бийлигиндеги айрым министрликтердин жер-жерлердеги түздөн-түз өкүлчүлүктөрүнүн жергиликтүү жетекчилерге болгон мамилелерин Президентибиз жериндеги жолугушууларда өзү көрүп, ичинен билди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мыйзамда акимдерге ыйгарылган ыйгарым укуктар болгону менен облус башчыларында, тагыраагы Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүндө анчейин ыйгарым укуктар каралбай калган. Президент бүгүн аткаруу бийлигинин башчысы катары өзүнүн бийик жоопкерчилигин сезгендиктен өлкөдөгү аткаруу бийлигинин ишин түз көзөмөлдөгөнгө киришип жатат. Ош, Нарын облустарындагы эл менен болгон жолугушууда Мамлекет башчы көпчүлүк маселелер жеринде чечилерине өзү ынанды. Күч органдарынын аймактардагы өкүлдөрү облус жетекчилерин канчалык деңгээлде угаар-укпасын өзү көрүп, байкаган соң, алардын ыйгарым укуктарын күчөтүүгө барды деп ойлойм. Албетте, көп маселелер облус жетекчисинин өзүнөн да көз каранды. Садыр Нургожоевич алардын учурдагы ыйгарым укуктуу абалынан жеринен кабардар болгон соң баарын чогултуп, көп маселелерди коомчулукка дагы угуза айтты деп ойлойм. Буга удаа күч органдарынын аймактардагы жетекчилеринин иши кашаң жүрүш менен коштолсо, облус жетекчисинин сунушунун негизинде ишинен четтетүү каралганы эң жакшы кадам  болду.

— Макул, жергиликтүү жетекчилер азыркыдай кошумча ыйгарым укуктарга ээ болду дейли. Муну менен алдыда жергиликтүү маселелер “жипке тизгендей” чечилип кетерине ишенсек болобу? Же дагы деле аким, губернаторлор “кокуй, өйдө жак эмне дейт” деген жалтактоодон кете алышпайбы?
— Карапайым элибиздин койгон маселелери, алардын чечилиши жергиликтүү бийликтеги ар бир министрликтердин өкүлдөрүнүн бири-бири менен болгон мамилелери, алардын “бирдиктүү организм” катары иштебегендиктери, чечүүчү ишти бири-бирине шылтоо кылып “топ тепкендей” улам бирине жөнөтүп турушкандыктарынан улам образдуу салыштырганда ириң толуп, шишик жарылды деп ойлойм. Керек болсо татаал көйгөйлөрдү жергиликтүү жетекчилер коллегиалдуу түрдө чечпегендиктен элдин ишеними кеткен. Мындан ары мындай көрүнүштөргө эч качан жол берилбеши керектигин Садыр Нургожоевич баса белгилеп, иштин жыйынтыгы эртеңден баштап жетекчинин өзүнөн сураларын, натыйжада азыркыдай кадамга барып жатканын жашырган жок. Мунун өзү эң туура кадам! Жергиликтүү жетекчилер азыркыдай ири ыйгарым укуктарга ээ болушары менен сен айткандай “көздөрү тумандап”, кол тийгис кастага айланып калышат дегенден алысмын. Бул эми ар кимдин өзүнүн деңгээлине жараша болот. Менимче, кошумча ыйгарым укуктарга ээ болуп, мойнуна мурдагыдан да оор түйшүк артылганын туюшкан жетекчилер мындан ары тапшырмаларды өз убагында аткаруу менен жериндеги көйгөйлөрдү убагында так координациялап турушса көпчүлүктөгү маселелер түйүнгө айланып, көбөймөк эмес. Дагы айтам, мунун баары жетекчинин өзүнөн көз каранды. Бүгүн өлкөдө эбегейсиз улуу иштер аткарылып жатат. Мындай ийгиликтер буга дейре мынчалык деңгээлде болгон эмес.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X