Мамлекет башчысы борбордук мечитте ооз ачар өткөрдү
Президент Садыр Жапаров 6-мартта, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечитине келген жамаат үчүн ооз ачар өткөрдү.
Мамлекет башчысы чогулгандарды ыйык орозо айы менен куттуктап, бул мезгилде адамдардын бири-бирине кам көрүп, муктаждарга жардам берип, руханий жактан тазаланууга умтулуусу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле ал жарандардын тилектери кабыл болуп, ар бир үй-бүлөдө тынчтык, бакубатчылык жана ынтымак болушун каалады.
Иш-чаранын соңунда өлкө башчысы мечитке келген жамаат менен бирге ооз ачып, намаз окуду.
