Мамлекеттик аудиттин заманбап философиясын калыптандырган тармак
19-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкөбүздүн эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чара эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун мекеменин басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү тууралуу сөзү жана тармактын түзүлүү тарыхы, калыптанышы менен өнүгүүсү тууралуу видеотасманын көрсөтүлүшү менен башталды. Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, Президент
Садыр Жапаров куттуктоо жөнөткөнүн, Өлкө башчысы жоопкерчиликтүү тармактын алдыдагы милдеттери тууралуу орчундуу пикирин билдиргенин билдирди.
30 жылдык салтанатта Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов сөз сүйлөп, тармактагы иши менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге парламенттин Ардак грамоталарын тапшырды. Айрым белдүү кызматкерлер Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин колунан өкмөттүн сыйлыктарын алышты. Мааракелик иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков баштаган бир катар министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, эсептөө палатасынын мурдагы төрагалары Дамир Өскөмбаев, Искендер Гаипкулов, Элмира Ибраимова жана Азербайжан, Түркия, Беларусь, Грузия, Казакстан, Россия, Польша жана Монголиянын жогорку аудит органдарынын өкүлдөрү тармактын 30 жылдыгы менен куттукташып, мекеменин ишмердүүлүгүнүн маанисине токтолушту.
Эсептөө палатасы мамлекеттик бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу максатында санариптик жана аналитикалык аудитке өткөндүгүн, соңку 30 жыл аралыгында каржылык көзөмөл жүргүзгөн орган гана болбостон, мамлекеттик аудиттин заманбап философиясын калыптандырган, өлкөбүздүн стратегиялык өнүгүүсүнө салым кошкон Конституциялык институтка айлана алганын Алмазбек Акматов өз баяндамасында ташка тамга баскандай билдирди.
“Биз бүгүн туруктуу реформалар аркылуу санариптик, аналитикалык аудитке чечкиндүү кадам таштадык. Башкы максатыбыз — мамлекеттик бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошуу” — деди ал. Тармак жетекчиси учурда эсептөө палатасында аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык иш уюштурулуп, кагаз жүзүндөгү текшерүүлөрдөн электрондук аудитке өтүү багытында иштер жүргүзүлүп жаткандыгын, бул максатта “Түндүк” тутуму жана чоң маалыматтарды талдоо ыкмалары киргизилип жатканын жашырган жок.
Алмазбек Акматов мекеменин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон ардагерлерге таазим этип, кызматкерлердин принципиалдуулугу жана кесипкөйлүгү эсептөө палатасынын кадыр-баркынын бекем пайдубалы экенин белгиледи.
Тармак 2025-жылы өлкөдө 1636 мекеме жана бөлүмдү текшерип, жыйынтыгында 21 млрд сомдук каржылык тартип бузууларды аныктап, анын 13,4 млрд сому мамлекеттик казынага кайтарылган. Кайтарылган каражат аныкталган каржылык тартип бузуулардын жалпы суммасынын 62,6 пайызын түзгөн. Мамлекеттик мааниде белгиленген тармактын 30 жылдыгында мекеме тууралуу атайын китеп белгилүү журналист Кабыл Макешовдун калемгерлиги алдында жарыкка чыккандыгы иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү болду.
Калыгул Бейшекеев