Мамлекеттик блокчейн агенттигине Фархат Иминов жетекчи болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тиешелүү тескемеге ылайык, Фархат Ажмуханбетович Иминов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды.
Документте Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынганы көрсөтүлгөн. Ошол эле тескемеге ылайык, Иминов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Белгилей кетсек, аталган агенттик өлкөдө виртуалдык активдерди жөнгө салуу жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү багытындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жооптуу түзүм болуп саналат.