Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 22 млн сом төлөп берди
Жыл башынан бери өлкө боюнча 90 турак жайга 22 млн сом камсыздандыруу төлөмү берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директору Актан Турумбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы кырсыктан жабыркаган 247 турак жай ээсине жалпысынан 92 млн сомго жакын чыгым төлөнүп берилген.
Турумбеков жаз айларында жаан-чачындын көбөйүшү менен сел кырсыктары да көбөйүп жатканын белгиледи. Ушундан улам мамлекеттик камсыздандыруу уюму турак жайларды табигый кырсыктардан жана өрттөн камсыздандыруу иштерине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Кыргызстанда расмий катталган 1 млн 300 миңге жакын турак жай бар экенин, алардын 350 миңге жакыны мамлекеттик камсыздандыруу полисин алганын маалымдады.