Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму 8,1 млн сомдон ашуун камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүздү
«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК камсыздандыруу учурлары боюнча жарандарга жана юридикалык жактарга төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүнү улантууда.
Компаниянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 10-июнуна карата өлкө боюнча жалпы суммасы 8 млн 183 миң 40,97 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилди.
Төлөмдөрдүн негизги бөлүгү милдеттүү автоунаа камсыздандыруусу (ОСАГО), автокаско жана башка камсыздандыруу түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн. Каражаттар жол-транспорт кырсыктарынан жабыркаган жарандардын чыгымдарын жабууга, камсыздандырылган мүлккө келтирилген зыяндарды калыбына келтирүүгө жана камсыздандыруу келишимдеринде каралган милдеттенмелерди аткарууга багытталган.
Филиалдар боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү төмөнкүдөй болду:
- Бишкек филиалы – 4 198 796,97 сом;
- Ош филиалы – 1 210 278 сом;
- Чүй филиалы – 1 486 200 сом;
- Баткен филиалы – 300 000 сом;
- Жалал-Абад филиалы – 63 914 сом;
- Ысык-Көл филиалы – 923 852 сом.
«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ачык-айкын жана өз убагында жүргүзүлүшүн камсыздап, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз милдеттенмелерин ырааттуу аткарып жатканын белгиледи.