«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Элдияр КАЛДАРБЕКОВ: «КАМСЫЗДАНДЫРУУ – АР ДАЙЫМ КЕРЕК»
Өткөн жуманын соңунда Жогорку Кеңеште турак жайларды табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууга байланышкан Мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун максаты – турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу, натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандарды өрттүн жана табигый кырсыктардын кесепеттеринен финансылык жактан коргоону камсыз кылуу болуп саналат. Кыргызстанда 18 камсыздандыруу компаниясы бар. Алардын ичинен мамлекеттик макамга ээ жалгыз уюм – Мамлекеттик камсыздандыруу уюму. Аталган уюм тиешелүү адистер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жигердүү аракеттерди жасап жатат. Биз бул жолу «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Элдияр Калдарбеков менен өлкөдөгү камсыздандыруу иштери тууралуу маектештик.
— Элдияр Султанович, өлкө боюнча канча турак жай бар, анын канчасы камсыздандырылган?
— Көптөр камсыздандырууну кагаз жүзүндөгү милдет катары гана көрүшөт. Чындыгында, ал — кырсыкка каршы каржылык калкан. Кырсык айттырбай келет эмеспи. Камсыздандыруу — бул ишеним, кепилдик десек болот. Республика боюнча 1 миллион 251 миң 515тен ашуун турак жай бар. Анын ичинен Мамлекеттик камсыздандаруу уюму аркылуу 2024-жылы 249 миңден ашуун келишим түзүлсө, 2025-жылы 361 миңден ашты. Камтуу деңгээли жыл сайын өсүүдө. Бирок, бул жетишсиз. Биз жарандарга турак жайларын камсыздандыруу боюнча маалыматтык компанияларды тынбай уюштуруунун үстүндөбүз. Камсыздандыруу дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштейт.
— Камсыздандыруунун кандай түрлөрү бар?
— Жарандар Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу камсыздандыруунун бир нече түрүн пайдалана алышат. Бизде милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу түрлөрү иштейт. Милдеттүү камсыздандыруунун 6 түрү, ал эми ыктыярдуу камсыздандыруунун 33 түрү бар. Милдеттүү камсыздандырууга: 1) турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу, 2) ОСАГО, автоунааларды, 3) кооптуу жүктөрдү, 4) кооптуу имараттарды, 5) айдоочунун жүргүнчүлөр алдындагы жоопкерчилигин камсыздандыруу, 6) уюмдун, ишкананын кызматкерлерин камсыздандыруу камтылган. Ыктыярдуу түрдө камсыздандырууга: финансылык ишкердик тобокелдиктер, жүктөр, мүлктөрдү өрттөн же кырсыктардан камсыздандыруу. Ошол эле мүлктөрүңүздү лизингге же күрөөгө койгон болсоңуз, аны дагы алдын ала биздин уюмдан камсыздандырып койсоңуз болот. Транспорт каражаттарын жана жүргүнчүлөрүңүздүн коопсуздугу камсыздандырылат. Өнөр жай жана ишканалардагы мүлктөрдү камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө болот. Курулуш-монтаж иштери, аба жана суу кемелери, аба транспорт ээлеринин жарандык укуктук жоопкерчилиги камсыздалат. Темир жол транспорттору жана экспорттук келишимдерди камсыздандыра аласыз. Бажы өкүлдөрүнүн жарандык жоопкерчилиги жана Кыргызстанга келген туристтердин коопсуздугу да камсыздалат. Аскер кызматкерлеринин атайын иш-чараларда өмүрүнүн коопсуздугу жана көчмө жабдуулары дагы камсыздалат. Ар бир жаран жана ишкана өз муктаждыгына жараша камсыздандыруунун түрүн пайдаланса болот. Сиз алдын алуу менен коркунучтарды азайтып, тынч жашай аласыз. Камсыздандыруу ар дайым керек.
— Камсыздандыруунун баалары кандай чегерилген?
— Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн максималдуу суммасы шаар үчүн 1 млн сом, айыл жергеси үчүн 500 миң сомду түзөт. Жарандарга төлөп берүү мөөнөтү 1 айга чейин деп белгиленген. Шаарда турак жайды бир жылга 1 200 сомго камсыздандырып, 1 миллион сомго чейин компенсация алууга болот. Айыл жергесинде 600 сом төлөп, 500 миң сомго чейин корголот. Бир жылдык төлөм бир үй-бүлөнүн бир күндүк чыгымынан да аз. Бирок, кырсык болгондо ал чоң колдоо болуп берет.
— Бүгүнкү күнгө жаратылыш кырсыктарынан үйлөрү жабыркаган канча жаран канча өлчөмдө каражат алышты?
— Ушу тапта биздин уюмдун Уставдык капиталы 1 млрд 144,3 млн сомду түзөт. Бул ишенимдүүлүктү камсыздайт. Анткени, мамлекет жарандарды кыйынчылык шарттарда таштап койбойт. Бул реалдуу социалдык долбоор. Уставдык капиталды камсыздоону Президент Садыр Жапаров колдоого алып, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы ийгиликтүү иштеши керек, жарандарга төлөмдөрдү дыкат жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп келет. Ал эми төлөмдөр боюнча айтсам, үйү жабыр тарткандарга 2023-жылы 13,5 млн сом төлөнгөн. 2024-жылы 37 млн сом, 2025-жылы өлкө боюнча турак жайлары ар кандай категорияда, шарттарда жабыркаган 247 учур болгон. Мамлекеттик уюм 31 млн 878 миң сом төлөп берген. Ал эми 2026-жылдын акыркы 2 ай ичинде 65 млн сомдон ашуун компенсация төлөп берди. Бул сандар камсыздандыруу реалдуу иштеп жатканын далилдейт. Кырсык болгондо адамдар жардам алып жатышат. Камсыздандыруу — алдын ала кам көрүү. Бул жоопкерчиликтүү жарандык позиция. Бул үй-бүлөнүн тынч уйкусу десек болот. Биздин максат — ар бир жаранга жеткиликтүү, ачык жана ыкчам кызмат көрсөтүү.
— Ал эми ОСАГО боюнча эл арасында суроолор көп. ОСАГО полиси кандай иштеп жатат?
— ОСАГО – бул өз унааңызды эмес, башка адамдардын мүлкүн жана ден соолугун коргоо.
ОСАГО – жол кырсыгында сиз күнөөлүү болсоңуз, жабырлануучунун унаасына же ден соолугуна келтирилген зыянды камсыздандыруу компаниясы төлөп берүүчү милдеттүү документ. Бул полис жеке финансылык жоопкерчиликти азайтып, жолдогу коопсуздукту камсыздайт. Камсыздандыруу полисин алуу 1680 сомдон башталат. Бирок, айдоочунун тажрыйбасына жана унаанын кыймылдаткыч көлөмүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Кыргызстанда ар бир автоунаа ээси үчүн милдеттүү. Кимди коргойт: Сиз эмес, сиз келтирген жабырлануучу тараптын чыгымдарын төлөйт. Күнөөлүү тараптын өзүнүн унаасын оңдоо чыгымдарын ОСАГО жаппайт. Мисалы биздин уюм аркылуу 2025-жылы 352 миң 926 машина милдеттүү түрдө камсыздандырган. 2025-жылы ОСАГО боюнча төлөп берилген каражат 86 млн 238 миң 941 сомду түзгөн. Тагыраагы, 901 жол кырсыгына кабылган жаранга төлөп берилген. Тарифтер айдоочунун жашына, стажына жана жол эрежелерин сактоо тарыхына жараша аныкталат. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун региондордо филиалдары кеңейүүдө жана жеткиликтүү. Эл кырсык болгондон кийин эмес, кырсык боло электе кам көрө баштаганы утуш болот.
Мээрим Бактыбек кызы