«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК өлкөнүн түштүк аймактарында катталган табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн берүүнү улантууда.
Уюмдун маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн баалоо иштеринин жыйынтыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы сел жана суу каптоо фактылары боюнча жалпы 19 жаранга 3 517 965 сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди.
Төлөмдөр төмөнкү аймактардагы камсыздандырылган турак жайлар боюнча жүргүзүлдү:
Ош облусунун Араван районунун Сасык-Үңкүр айылы, Алай районунун Гүлчө айылы, Жалал-Абад облусунун Манас шаары, ошондой эле Сузак жана Аксы райондору, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондору.
Маалыматка караганда, компенсациянын көлөмү келтирилген зыяндын деңгээлине жараша аныкталып, айрым учурларда 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин жеткен.
Уюм табигый кырсыктар, анын ичинде сел, жер көчкү жана катуу шамал сыяктуу өзгөчө кырдаалдар көп катталган аймактарда турак жайларды камсыздандыруунун мааниси жогору экенин белгилейт. Бул жарандардын финансылык коопсуздугун камсыздоого жана күтүлбөгөн чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөрү айтылат.
«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК камсыздандыруу учурлары катталган учурда мыйзамда белгиленген тартипте экспертизаларды жүргүзүп, төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүнү улантарын билдирди.