Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин бет ачарына катышты
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» аттуу китебинин бет ачар аземине катышты.
Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Мамлекеттик катчы аталган эмгек мамлекеттик башкаруунун заманбап ыкмаларын, реформаларды ишке ашыруунун тажрыйбасын жана эл аралык кызматташтык маселелерин камтыган маанилүү басылма экенин белгиледи.
Арслан Койчиев Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк туруктуу өнүгүп жатканын белгилеп, мамлекеттик башкаруу, илим-билим жана гуманитардык багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүү эки өлкөнүн өз ара ишенимин жана түшүнүшүүсүн мындан ары да бекемдей турганын айтты.
Ошондой эле ал Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин алгачкы үч тому кыргыз тилине которулуп жарык көргөнүн, ал эми төртүнчү томдун котормосу аяктоо алдында турганын маалымдады. Мамлекеттик катчы келечекте бешинчи томдун да кыргыз тилине которулушу кыргыз-кытай маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.