Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан өзгөчө чакыруу келди
«Урматтуу көчмөн Койчиев! Тарыхтын бир бөлүгү болууга даярсызбы?» — деген жылуу кайрылуу менен башталган кат миңдеген чакырымды басып өтүп, өз дарегине жетти.
Чакыруу менен кошо кыргыздын улуттук даамдары салынган куржун жана чүкө да жөнөтүлгөн. Бул белектер көчмөндөрдүн салтын, кыргыз элинин меймандостугун жана улуттук баалуулуктарын чагылдырат.
Бир кат, бир жол, жүздөгөн кол жана миңдеген чакырым баары бир максатта. Көчмөндөрдүн улуу салтын бириктирген тарыхый майрамга чакыруу!
Эми бул өзгөчө чакыруу мамлекеттик катчы Арслан Койчиевге да жетти. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тарыхта дагы бир жаркын баракты ачууга даяр.