Мамлекеттик кызмат агенттигине жаңы орун басар дайындалды
Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп Барчынай Садирова дайындалды. Ал мамлекеттик кызмат тармагында санариптик иш-чараларды көзөмөлдөйт. Чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы орун басарды агенттиктин директору Элчибек Жантаев сунуштаган.
Барчынай Садирова 1986-жылы туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде маалыматтык системалар адистиги боюнча билим алган. Эмгек жолун жогорку окуу жайда инженер жана окутуучу болуп баштап, кийин мамлекеттик мекемелерде санарип багытында иштеген.
Акыркы жылдары ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы маалыматтык системаларды жаңыртуу, кадрлардын электрондук базасын ишке киргизүү сыяктуу иштерди жетектеп келген.