Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы антикоррупциялык стандарттар бекитилди

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 110

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы №490-т тескемеси менен мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын антикоррупциялык жүрүм-турумунун типтүү стандарттары бекитилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, документ Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Анын негизги максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн антикоррупциялык жүрүм-турумдун бирдиктүү моделин калыптандыруу.

Типтүү стандарттар мыйзамдуулук, ак ниеттүүлүк жана ачыктык принциптерине негизделген милдеттүү талаптарды камтыйт. Документте кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы ички көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү боюнча чаралар каралган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жаңы стандарттардын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – тобокелдиктерге багытталган ыкманын колдонулушу жана кызматкерлердин өзүн-өзү көзөмөлдөшү үчүн антикоррупциялык чек-листтин киргизилиши болуп саналат.

Ведомство белгилегендей, типтүү стандарттарды ишке ашыруу кызматтык тартипти чыңдоого, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X