Мамлекеттик социалдык буюртманын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосу, чек ара аймактарындагы маалыматтык коопсуздук, үй-бүлө баалуулуктары, жаштардын жүрүм-турум маданияты, дени сак жашоо образы жана эмгеги менен коомго үлгү болгон адамдар тууралуу жаңы медиадолбоорлор ишке ашат.
Бул темалар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык буюртманын алкагындагы республикалык сынактын жеңүүчү долбоорлорунун багыттары болду.
Бишкекте өткөн сыйлык тапшыруу аземинде сынактын жеңүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп, коом үчүн маанилүү темаларды жаңы форматта чагылдыруу мүмкүнчүлүгү берилди.
Сапаттуу контентке багытталган мамлекеттик колдоо
Маданият, маалымат, жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев мамлекет акыркы жылдары медиа тармагын өнүктүрүүгө жана сапаттуу журналистиканы колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө маалымат мейкиндигинде сапаттуу, ишенимдүү жана мамлекеттик тилдеги контентке болгон муктаждык күчөп жатат.
«Мамлекеттик социалдык буюртма бул медианы өнүктүрүү саясатынын маанилүү бөлүгү. Биздин негизги максат — мамлекеттик тилде сапаттуу, заманбап жана ата мекендик маалыматтык контентти түзүү, массалык маалымат каражаттарын колдоо жана алардын коом алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү», — деди министр.
Ал белгилегендей, сынакка сунушталган темалар коомдун реалдуу муктаждыктарын эске алуу менен тандалды.
«15 багыт жөн жерден тандалган жок. Алар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун илимий-изилдөө медиа борбору жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жана коомдук сурамжылоолордун жыйынтыгынын негизинде аныкталды», — деди Мирбек Мамбеталиев.
Сынакка жалпысынан 20 долбоор келип түшүп, алардын ичинен мыктылары тандалды.
Алгачкы кадам чоң мүмкүнчүлүк
Маданият, маалымат, жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева бул долбоор маалымат тармагындагы мамлекеттик социалдык буюртманын алгачкы жолу ишке ашырылып жатканын айтты.
«Бүгүнкү иш-чаранын мааниси чоң. Анткени бул биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Темалар илимий негизде тандалып, коомдук суроо-талаптар эске алынды», — деди ал.
Анын маалыматына караганда, аймактык медиаларга 400 миң сомдон, республикалык деңгээлдеги маалымат каражаттарына 1 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүндү.
«Быйыл бул багытка тарыхта биринчи жолу 10 миллион сом каражат каралды. Негизги максат — мамлекеттик тилде контент өндүрүүнү күчөтүү жана коом үчүн маанилүү маалыматтарды элге жеткирүү», — деди Салкын Сарногоева.
Ар бир долбоордун артында коомдук маанилүү маселе турат
Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы Иляз Балташев алардын уюму мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана социалдык интеграциясы багытындагы долбоор менен катышканын айтты.
Анын пикиринде, коомдо бул адамдар тууралуу түшүнүктү өзгөртүү зарыл.
«Көп учурда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кайрымдуулук жардамга муктаж адамдар катары гана көрүп калабыз. Биз алардын жетишкендиктерин, мүмкүнчүлүктөрүн жана коомдогу активдүү ордун көрсөтүүнү каалайбыз», — деди ал.
Анын айтымында, долбоордун алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан материалдар даярдалып, коомго үлгү болгон адамдар тууралуу баяндар жарыяланат.
Ал эми «Үй-бүлө институту» багыты боюнча жеңүүчү деп табылган Кыргыз Республикасынын «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин башкы редактору Жазгүл Карбосова бул долбоор коомдогу эң маанилүү баалуулуктардын бири болгон үй-бүлө темасын кеңири жана терең чагылдырууга багытталарын белгиледи.
“Үй-бүлө — коомдун эң баштапкы жана негизги социалдык институту. Инсандын дүйнө таанымы, адеп-ахлагы, жарандык позициясы, эмгекке болгон мамилеси жана руханий баалуулуктары эң алгач үй-бүлөдө калыптанат. Андыктан, бул тема мамлекеттик маалыматтык саясаттын маанилүү багыты болуп саналат. Анткени күчтүү үй-бүлө — күчтүү мамлекеттин негизи болот. Ошол себептен биз ушул багытты тандап алганбыз”- деди Жазгүл Карбосова.
Ал белгилегендей, долбоордун алкагында коомго өрнөк болгон үй-бүлөлөр тууралуу баяндар, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган маектер жана аналитикалык материалдар даярдалат.
Чек арадагы коопсуздук — маанилүү багыт
«Баткен таңы» гезитинин башкы редактору Акматов Адылбек алардын долбоору чек ара аймактарындагы маалыматтык коопсуздук темасына арналганын билдирди.

«Баткен — стратегиялык аймак. Бул жерде маалымат агымы өзгөчө мааниге ээ. Азыркы учурда ишенимдүү маалыматты жеткирүү, улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана элге туура багыт берүү медианын маанилүү милдети», — деди ал.
Анын айтымында, гезит бул долбоор аркылуу аймактагы көйгөйлөрдү гана эмес, элдин демилгелерин жана ийгиликтерин да чагылдырууга аракет кылат.
Жаштар, тил жана маданият багыты
«Тунук-Ук» коомдук фондунун өкүлү Жаркын Ибраева жаштар арасында тил маданиятын жана туура жүрүм-турум баалуулуктарын жайылтуу боюнча иш жүргүзүлөрүн айтты.
«Азыр жаштардын көпчүлүгү маалыматты социалдык тармактардан алат. Ошондуктан биз ошол мейкиндикте кыргыз тилин жайылткан, маданиятты көтөргөн сапаттуу материалдарды даярдоону көздөп жатабыз», — деди ал.
Долбоордун алкагында подкасттар, социалдык тармактар үчүн атайын материалдар, челленждер жана портреттик интервьюлар даярдалат.
Эмгеги менен үлгү болгон адамдар экранда
«ЭлТР» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын өкүлү Нурбек Боркошов «Жаша» долбоору аркылуу дени сак жашоо образын карманган адамдарды коомчулукка таанытуу максаты коюлганын айтты.
«Аймактарда өзүнүн жашоосу, эмгеги менен башкаларга үлгү болгон адамдар көп. Алардын окуясын көрсөтүү коомго жакшы таасир берет», — деди ал.
Ал эми Талас облустук телерадиокомпаниясынын жетекчиси Бурмагүл Чабдарова өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, бирок көпчүлүккө белгисиз болгон инсандар тууралуу программалар даярдала турганын белгиледи.

«Мугалим, дарыгер, айыл чарба кызматкери же башка кесиптин өкүлү болобу — ар бир эмгек ээсинин өз тарыхы бар. Ошол адамдарды көрсөтүү менен жаштарга үлгү бере алабыз», — деди ал.

Жеңүүчү деп төмөнкү долбоорлор табылды: