Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Мамлекеттик иш кагаздары дээрлик расмий тилде жүгүртүлүүдө»
Айрым ички жана сырткы күчтөрдүн тоскоолдугуна карабай Жогорку Кеңештен кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамга 17-июлда Прзидент тарабынан кол коюлуп, ишке кирген. Ошондон бери өз элинде өгөйлөнүп келген тил жаатында кандай өзгөрүүлөр бар экенин билүү үчүн Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевге кайрылдык.
— Каныбек агай, “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга Президент кол коюп, күчүнө киргенине эки айдан ашты. Бул аралыкта тил жаатында кандай жылыштар, өзгөрүүлөр болду?
— 2023-жылдын 17-июль күнү Президент Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамына кол койду. Бул кадам коомчулукта Кыргызстандын тездик менен өнүгүү, жаңылануу жолуна түшүп бара жаткандагы өтө маанилүү, ары келечектүү жана чечкиндүү иштин бири катары кабылданды. Кыргызстандын улуттук стратегиялык өнүгүү пландарынын бири жүзөгө ашты десек да жарашат.
Учурда тездик менен өнүгүү шары өлкөбүздүн бардык чөйрөсүн кучагына алды, сенек болуп катып калган иштер ордунан козголду. Өзүңөр билесиңер, 34 жыл аралыгында мамлекеттик тил маселеси ошол кездеги Өкмөттүн бир катар токтомдору чыкса да жүзөгө ашпай мезгил агымын карытып, чечкиндүү кадамдар болбой келгени жашыруун эмес. Эсиңиздерде болсо керек, 1989-жылдын 23-сентябрында ошол кездеги табияты коммунисттик болгон Кыргыз ССР Жогорку Советинин баатырдык аракети менен кыргыз тили мамлекеттик тил болуп белгиленип жана мыйзам менен бекиген. Кийин 2004-жылы толукталган редакциясы кабыл алынган. Ошончо убакыт өтсө да “же” деген эки тамгадан турган байламта кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары калыптануу тагдырына балта чаап, колдонулушунун тушап койгон.
— Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тил негизги ролго чыктыбы же баягыдай эле экинчи сорт катары каралып жатабы?
— Мамлекеттик иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү тууралуу мыйзамдын мурдагы эки редакциясы “же” деген байламта менен талкаланган. Жалпы коомчулуктун мыйзам менен иши да болгон жок. Ошондой болгон күндө да өлкөбүздүн жети дубанында бул иш толук болбосо да 50 пайыздан жогору көтөрүлүп мыйзам талаптары аткарылган жагдайы жок эмес.
— Кээ бир министрликте жалаң расмий тилде иш жүргүзүлүп келгенин билебиз, сиз мекемеге барып карап, текшергенге акыңыз барбы?
— Албетте, текшергенге толук акыбыз бар. Ошол себептен алгылыктуу жылыштар болуп, жигердүү аракеттер көрүлүп жатканы жалпыга маалым. Бирок, ошол эле учурда борбордук мамлекеттик түзүмдөрдөн ушул күнгө чейин иш кагаздары мамлекеттик тилде жазылбай, жазылса да котормого түшүп, мамлекеттик тил саясатын жүргүзүүчү адистер котормочулук менен алектенип калган, мамлекеттик мекемелердин арты эки пайызга араң көтөрүлүп, иш кагаздары дээрлик расмий тилде жүгүртүлүп келет. Биз мындай мекемелерде тынбай жыйындарды өткөрүп, алар мыйзамдын талаптарын толук аткармайынча иштерди аткара беребиз.
— Мыйзам кабыл алынганда өлкөбүздүн ичинде жана сыртында карама-каршылыктар болуп, кээ бир мамлекеттер саясий басым жасаганга аракеттенгени байкалды. Негизи, биздин ички ишибизге эч кимдин кийлигишкенге акысы жок да, туурабы?
— Биз толук кандуу эгемен мамлекет болгондон кийин ички саясатыбызда ички да, сырткы да карама-каршылыктарга жол бербөөгө тийишпиз. Кандай болгон күндө да биз өзүбүздүн позициябыздан тайбашыбыз керек.
— Мыйзам ишке киргенден кийин мамлекеттик тилди билбегендер кызматынан айдалат деп айтылган, ошондой факты болдубу?
— Азырынча андай факты болбогону менен катуу эскертүүлөр берилип жатат. Кыргызтесттен өтпөй калгандар болсо, жобосуна ылайык дагы мүмкүнчүлүктөр берилет. Эгер андан да өтпөй, белгиленген деңгээлдеги сертификатты ала албай калса, анда жумуштан кетирүү маселеси каралат.
— Кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында мыйзамдын дагы кандай алгылыктуу жактары бар?
— Баса белгилеп кетүүчү маселе, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын этностору өздөрүнүн тилин эркин пайдалануу укугуна ээ экендиги так жазылып турат, ал эми мамлекеттик тил комиссиясы муну карманат жана ар бир кыргыз жаранына мамлекеттик тилди коргоого, сактоого, колдонууга жана өнүктүрүүгө, өлкөнүн иденттүүлүгүн сактоого милдеттүүлүгүн сездирүүчү саясатты жүргүзөт деп жазылган.
Ал эми 4-беренеде көрсөтүлгөндөй мамлекеттик тил: мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюмдарда, сот түзүмдөрүндө, күч түзүмдөрүндө, Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык келишимдерде, укуктук ченемдик актыларды даярдоодо, мамлекеттик түзүмгө кирген бардык мекемелердин, органдардын, уюмдардын жана жеке менчик формаларында, географиялык, топонимикалык аталыштарда, товардык кызмат көрсөтүүлөрдө, нотариалдык контораларда, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматкерлерге, Кыргыз Республикасынын реестрге киргендеринин баарында анын ичинде илим, билим, маданият чөйрөсүндө иш кагаздарды, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбагандардан тышкары бардыгы иш кагаздарын толук кандуу мамлекеттик тилде жүргүзүшүн милдеттендирет.
Ошондой эле мыйзамдын 5-беренесинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын, мекемелердин иш кагаздары толук кандуу мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн милдеттендирет. Дээрлик 34 жыл аралыгында иш кагаздар кандай үлгүдө жазылышы керек экендигин иштеп чыккан эмгектер жетиштүү. Учурда мындай практикалык окуу куралы ар бир мекемеде бар.
Кыскасы, мыйзамдын ар бир беренеси так иштеши үчүн Улуттук комиссия болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, тилибиздин өнүгүшүнө салым кошо беребиз.