Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонулууга муктаж
Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы «Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонулууга муктаж» аттуу иш-чара өткөрдү. Жолугушууга Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев баштаган өкүлдөр, район жетекчилиги жана ар тармактын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада окуучулар тарабынан даярдалган театралдаштырылган көрсөтмө тартууланып, район акиминин орун басары мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Өз сөзүндө Мелис Мураталиев мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта жана иш кагаздарында кеңири колдонуу зарылдыгын белгилеп, «Мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча колдонмолор» аттуу презентациясын сунуштады.