Кечээ Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу жана мамлекеттик тил саясаты жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, комиссиянын өкүлдөрү, министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы, мамлекеттик органдарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, ошондой эле тил саясатын ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер талкууланды. Тараптар мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана ченемдик-укуктук актылардын аткарылышын күчөтүү боюнча пикир алмашышты.