Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү белгиленди

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 23-июнь  Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гульнара Акимбаева жана Мирлан Жээнчороев, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери, ошондой эле эл аралык жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Возможно, это изображение текст

Салтанаттын жүрүшүндө Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар, аткарылган иштер жана жетишилген жыйынтыктар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып, өзгөчө эмгеги менен айырмаланган кызматкерлерге мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст

Иш-чаранын алкагында ардактуу коноктор куттуктоо сөздөрүн айтып, кызматкерлерге ийгиликтерди каалашты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X