Мамлекеттик жерлерди пайдалануунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылды

29-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 555

Министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү жана жер тилкелерин ижарага берүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы жобого ылайык, технопарктардын резиденттери мамлекеттик мүлктү аукцион өткөрбөстөн ижарага ала алышат.

Мындан тышкары, инновациялык долбоорлор үчүн жеңилдетилген ижара акысы каралып, мамлекеттик жер тилкелерин электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларды орнотууга пайдаланууга уруксат берилет.

Өзгөртүүлөргө ылайык, ижара келишимдерин узартууда төлөмдөр дагы жогорулайт. Тактап айтканда, аукционсуз берилген объекттер үчүн ижара акысы 30 пайызга, ал эми соода борборлорундагы жайлар үчүн 50 пайызга көбөйөт.

Ошол эле учурда ижарачылардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, айрым учурларда мамлекеттик мүлктү камсыздандыруу милдети киргизилди.

Жаңы тартип 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

29-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 555
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X