«Манас» аэропортуна каттамды тездеткен альтернативдик жол июлда аяктайт

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149

Бишкек шаарын «Манас» эл аралык аэропорту менен байланыштыра турган альтернативдик унаа жолунун курулушу активдүү жүрүп жатат. Долбоор «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы менен «Пу Юань» компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

Жаңы жолдун негизги максаты – борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү, жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана аэропортко жетүүнү ыңгайлуу кылуу. Мындан тышкары, долбоор учурдагы негизги жолго түшкөн транспорттук жүктү азайтууга багытталган.

Учурда объектте асфальт-бетон төшөөгө даярдык көрүү, инженердик коммуникацияларды орнотуу жана бордюрларды коюу иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштеринин бардык этаптары бекитилген графикке жана белгиленген курулуш нормаларына ылайык аткарылууда.

Маалыматка ылайык, жолдун курулушун үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Белгилей кетсек, аталган долбоор ишке берилгенден кийин Бишкек шаарынын транспорттук-логистикалык системасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, жол кыймылынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X