«Манас» аэропортунда 9,6 млн сомдук зер буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133

Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда бажы жана коштомо документтери жок зер буюмдарды өлкөгө алып кирүү аракети токтотулду.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда жалпы баасы 9,6 млн сомдон ашкан 376 зер буюм табылган. Алардын 147си алтын буюмдар болуп, жалпы салмагы 396 граммды түзгөн. Ал эми 229 күмүш буюмдун салмагы 1 кг 979 грамм болгон.

Бул факты боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынып, тиешелүү укуктук жана салыктык жол-жоболор жүргүзүлдү.

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды ташууда мыйзам талаптарын сактап, тиешелүү коштомо документтерди алып жүрүү зарылдыгын эскертти.

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X