«Манас» аэропортунун аймагында жол кыймылы убактылуу чектелет
Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, «Манас» аэропортунун аймагындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоонун биринчи этабынын алкагында 2026-жылдын 23-июнунан 1-июлуна чейин автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Маалыматка ылайык, чектөө узундугу 8 чакырым болгон тилкеде — «Манас» аэропортунан Манас айылына чейинки Фрунзе көчөсү, 1/1 дареги боюнча (батыш тарабы) колдонулат.
Мэриянын маалыматына караганда, чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана реконструкциялоо иштерин өз мөөнөтүндө, сапаттуу аткаруу максатында киргизилүүдө.
Ошол эле учурда оңдоо иштеринин жүрүшүндө жол толугу менен жабылбай турганы белгиленди. Реконструкция жүргүзүлүп жаткан тилкеде жолдун бир тарабы этап-этабы менен жабылып, транспорт каражаттарынын кыймылы жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат.
Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга жана жол кыймылын уюштуруудагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырды.