«Манас» аэропортунун жаңы бөлүгү ишке кирди
Жүргүнчүлөр эми «Манас» аэропортуна жаңы жерден кирип-чыгышат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» билдирди.
Маалымдалгандай, аэровокзал комплексинин жаңы бөлүгү пайдаланууга берилип, кирүү жана чыгуу батыш тарабында жайгашты. Реконструкциянын алкагында жаңы күтүү залдары жана каттоо аймактары иштей баштап, стерилдүү зона жаңыланды.
Бул аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртары белгиленди.
Аэровокзалдын эски бөлүгү реконструкцияга жабылды.