«Манас» аэропортунун жаңыланган жүзү. Башкы кире бериш ачылды
“Манас” эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинде жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реконструкциянын алкагында башкы кире бериш пайдаланууга берилди.
Учурда ички жана тышкы жасалгалоо иштери уланууда. Ошого карабастан жүргүнчүлөр эми жаңыланган борбордук кире бериш аркылуу аэропорттун кызматтарын пайдалана алышат.
Аэропортту модернизациялоо боюнча ири долбоор этап-этабы менен ишке ашырылып жатат. Реконструкция иштери толугу менен аяктагандан кийин аэровокзал комплексинин жалпы аянты 60 миң чарчы метрге чейин кеңейтилет.
Мындан тышкары, терминал менен жабык асма өтмөк аркылуу байланышкан заманбап көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу да жыйынтыктоо баскычына жакындады.
Долбоордун негизги максаты — эл аралык талаптарга жооп берген, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана заманбап аэропорттук инфраструктураны түзүү.