Манас атанын ак шумкары – эркиндиктин эн белгиси

13-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30

Эгемендүүлүгүбүзгө – 30 жыл

«Легендарлуу парламент»  чынында эле легендарлууболгон.  Эгемендүү  мамлекетибиздин  биринчи Конституциясы, Гимни, Герби, Туусу, улуттук валюта- сомубуз кабыл алынган”, — дейт генерал-майор  Садырбек Дубанаев.  Ал Гербибиздин авторлорунун бири. Биздин генерал менен аңгемелешүүбүз  мына ошол гербдин жаралышы жана  кабыл алынышы туурасында болду.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын  башчысы болуп туруп  “легендарлуу парламентке”  келишиме ошол кездеги ички иштер министри Абдыбек Суталинов себепкер болду. Ал 1992-жылы мартта министр болуп келген.  Министр менин  депутаттыкка ат салышуумду  айтып,“эгерде барбасаң жумуштан алам”, — деди тамаша-чыны аралаш.Ошол кезде Ат-Башы районунун  “Ак-Моюн” округунан депутат Накен Касиев саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалгандыктан анын  орду бошоп, 7 адам ал округдан депутаттык мандат үчүн ат салыштык.  Шайлоодо облустук кеңештин төрагасы экөөбүз экинчи турга чыгып,  мен депутат болуп шайландым. Биз Турдакун Усубалиевич экөөбүз бир учурда депутат болуп келдик. Ал Даниэл Назарматов маданият министри болгондуктан анын ордуна “Куланак”  шайлоо округунан шайланды.  Ал кездеги парламентте залкар адамдар көп эле.  Карапайым чабандардан баштап окумуштуулар,  врач жана мугалимдер,  юристтер, партиялык ишмерлер, ички иштер органдарынын өкүлдөрү, айтор парламент курамы аябай күчтүү болчу. Мен 40 жашымда мына ушундай залкар парламенттин мүчөсүболдум. Парламентте милициядан А.Суталинов, Ф.Кулов,  М.Абдылдаев, А.Шамкеев жана башка көрүнүктүү адамдар  бар эле.

ххх

1992-жылы мамлекеттин символикаларына конкурс жарыяланды. Казат Акматов төрагасы болуп, 11 адамдан турган комиссия түзүлдү.Конкурстун жобосу жарыяланды. “Эгемендүү мамлекет болдук,  мамлекет үчүн   бир иш кылышым керек”  деп ойлонуп жүрчүмүн. Өзүм эксперт-криминалист болгондон кийин сүрөт иши мага жакшы тааныш. 

Нарынга келип гербди жасоого  конкурска катышалы, бир сүрөтчү таппайсыңарбы деп жеке курамга  оюмду бөлүштүм.  Эксперттик-криминалистика бөлүмүнүн  башчысы подполковник Жанузаков “Нарын театрында иштеген Асейин Абдраев деген  сүрөтчү бар, жакшы тартат”, — деди.  Аны чакырып сүйлөштүк. Конкурска катышып герб тарталы десем, “кантип тартабыз, тиги Бишкекте кыл калемчилердин кыйындары отурат, биз тарта албайбыз го”, — деп көңүлсүнбөдү.“Эмнеге тарта албайбыз,өтпөй калса чапаныбызды чечип алат беле, конкурска катышалы”, — дедим.   Эмне тарталы деп кеңешип, мен бүркүт тартууну сунуш кылдым. Ошентип биринчи вариант бүркүт болду. Дээрлик 2,5 жыл бою гербдин бир нече вариантын тарттык. Көркөм сүрөт музейинин чоң залында республикабыздын ар тарабынан   конкурска келип түшкөн 1623 гербдин эскизи илинип турар эле.  Бирөө жылкы баласын, бирөө бугуну, бирөө ак илбирсти, бирөө жөн эле тоону тартып,  иши кылса  түркүн-түс эскиздер. Ал жерде пикир калтыруучу китепче  коюлган. Ага ким кааласа пикирин жазат. Биздин “Нур”   девизи  менен жасаган гербибизгепикир жазгандар көп болду. “Бизге жагат, түсү мындай болсо, бул Манас атанын ак шумкары экен”  деген жакшы пикирлер түшүп жатты. Бир күндө 7-8 жакшы пикир алабыз. Ого бетер шыктанып калдык. Ошол эле учурда сындагандарды уктук. Ошентип улам  элдин пикирин угуп, оңдолуп отуруп ак шумкар тартылып калды.  “Манас”  эпосун окуп,  ак шумкар  тынчтыктын, биримдиктин, эркиндиктин  символу экенин түшүндүм.

ххх

Гербди жаратуу Асейин, анан менин эмгегим деп эч айтпайм. Анткени, гербдин ар бир вариантын  сүрөткө тартып алып, ар кимге  көргөзүп  “мынабу  мамлекетибиздин  герби болсо кандай дейсиз, мага Манас атанын ак шумкары жагып жатат, сизге жагабы”  деп  элдин   пикирин билүүгө көп  аракет кылдым.  Депутаттардан да  сурачумун. Гербдин эскизи парламенттин залында илинип турат да. Бир жолу түшкү тыныгуудан   Мырзакаримова Айкөкүл  эжей  бир топ депутат айымдар менен  келе жаткан экен.   Андан да пикирин сурасам “Манас атанын ак шумкары мага да жагат.Бирок, мурунку гербде түштүктүн  пахтасы,  буудайыбыз бар эле. Азыр мында түштүктүн эч  нерсеси жок,   ак шумкар менен эле тоо, Көл  болуп калыптыр”  деди.  Анын пикирине ынандым. Асейин Абдраевич  экөөбүз буудай менен пахтаны кошолу, бирок мурдагыдай кылбай жакшыртылган буудайдын машагын,  пахтаны коёлу деп кеңештик.   Анан тегерек кылып үстүнө“Кыргыз”,  астына “Республикасы”  деп жазып койдук. Ошентип,  улам оңдолуп отуруп 19-вариантында ушул азыркы гербибиз чыкты.  Герб  жасалма  болбосун,  “баарын 7ден: канат 7ден, күн нурлары  7ден, тоо кыры 7ден, пахта, эгин сабагы да 7ден кылалы дедик. Гербде бөксө тоо түшүрүлгөн.  Ошол кезде “Кумтөр”кени боюнча сүйлөшүүлөр жаңы башталып жаткан.  Алтындын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунду  ээлейт  дегенден кийин кен байлыгыбыз,  алтыныбыз көп деген ой менен бөксө тоону  жасаганбыз.

ххх

Парламентте герб каралып жатканда Болот Шамшиев Америкадан  учуп келди.   Жапжашыл костюм,  жашыл галстук тагынып  бир бөтөнчө кычырап кийинип алыптыр.  Борбордук трибунага чыгып алып,  биздин гербди сындап баштады. “Бул герб  Нарын менен эле Ысык-Көлдүн герби болуп калыптыр көпкөк болуп,  Ала-Тоо,   күн болсо эмне экен,   геральдика болуш керек, мында эчтеке жок. Москвадан геральдика боюнча адистерди  чакырып  тартыш керек,” — деп сүйлөп жатты.  Аңгыча Жалал-Абад облусунун  губернатору, депутат  Бекмамат Осмонов  сөз алып,  “менинүкөм эмне деп  жатат. Манас атанын ак шумкарынан башка дагы кандай символубуз бар, Ала-Тоо, Ысык-Көлүбүздү ким танат, тигине сенин Өзгөнүңдүн бөксө тоосу турбайбы,  дагы сага эмне керек, кайдагы геральдика?  Биздин менталитетибизди,  Ала-Тообузду, Көлүбүздү, Манас атанын ак шумкарын ошо орустар билет бекен?  Медет Шеримкулович, токтотуңуз,  түшсүн трибунадан”  деп бакылдап чыкты.

ххх

 Конкурстук комиссия бир нече жолу отуруп карап, акырында  5 гербди тандап,  депутаттарга  алып келген.  Биздин “Нур”,  “1993”, “Кабылан”,“Кыргызстан”,  дагы бирөө болуп бешөөсү жумшак рейтингге коюлду. Биздики үчүнчү болуп коюлуп, эң көп добуш алды.  Андан соң баарынан көбүрөөкдобуш алган  “Нур” жана “Кабылан”  девизи менен конкурска берилген гербдин  2 варианты  добушка коюлуп,  биздики  284 добуш алып алдыга чыкты.  Жыйынтык чыккандан кийин  спикер Медеткан Шеримкулович  “эми авторлору ким экен,  окуп берейин”  деп конвертти ачып окуп,  менин атым менен Асейин Абдраевдин аты чыкканда депутаттар биздин коллега, милиция гербди тарткан экен дешип  куттукташып,  зал гүрү- гүү боло  түштү. Ошентип 1994-жылы 14-январда эгемен мамлекетибиздин Герби кабыл алынды.

АсейинАбдраевге “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген  ишмер”наамы  берилди. Мага  генералдык наам берүү жөнүндө депутаттар Президентке сунуш  жиберишти.  Ошол кезде  4 генерал бар болчу, мен 5чиси болдум.

Чындыгында,  гербдин автору жалгыз эле биз эмеспиз. Бизге музейде  сунуш-пикирлерин калтырган, сындаган, кеңеш берген элибиздин салымы чоң. Мен “легендарлуу парламенттин” депутаттарына жана бул иште кайдыгер болуп, четте карап турбаган бардык мекендештериме  терең ыраазычылыгымды билдирем.  

Бегим ТУРДАЛИЕВА

13-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X