«Манас» бажысынын жаңы кызматкерлери «Кылмыштардын Бирдиктүү Реестри» менен иштөөнү үйрөнүштү

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажысынын жаңыдан дайындалган кызматкерлери үчүн «Кылмыштардын Бирдиктүү Реестри» (КБР) автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча практикалык окуу өткөрүлдү.

Окутуу теория менен гана чектелбестен, кызматтык иштин реалдуу шарттарына жакындатылган атайын тесттик чөйрөдө уюштурулду. Катышуучулар системада иштөөнүн негизги алгоритмдерин түздөн-түз практика жүзүндө аткарып, «Электрондук кылмыш ишин» жүргүзүү боюнча зарыл көндүмдөрдү өздөштүрүштү.

Мындай формат кызматкерлерге жаңы санариптик инструменттерди тез өздөштүрүүгө жана аларды күнүмдүк кызматтык иште натыйжалуу колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан окутуу методикасын башка укук коргоо органдарынын ишмердигине киргизүү маселеси каралууда.

Бул демилге укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин санариптик даярдыгын жогорулатууга, окутуунун бирдиктүү стандартын калыптандырууга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө заманбап маалыматтык технологияларды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X