«Манас Ордо» комплексиндеги реконструкция 85 пайызга аткарылды

14-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 115

Талас облусундагы «Манас Ордо» тарыхый-маданий комплексинде масштабдуу реконструкция иштери 85 пайызга аткарылды. Учурда объектте 400дөн ашык куруучу иштеп жатат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 13-августта Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында комплекстеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр объектти белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн курулуш иштерин күчөтүп, жумушчу топтун санын көбөйтүүнү тапшырды. Ошондой эле курулуш графигин так сактоо жана калган иштерди сапаттуу аяктоо зарылдыгын белгиледи.Нет описания фото.

Реконструкциянын алкагында административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, галерея жана 3500 орунга ылайыкташкан маданий-көпчүлүк иш-чаралар борбору курулууда.

Мындан тышкары, музейдин имараты кеңейтилди. Анын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин көбөйтүлдү. Жаңыланган музейде кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап архитектуралык чечимдер менен айкалыштырылып көрсөтүлөт.

Жалпы аянты 225 гектарды түзгөн «Манас Ордо» комплекси акыркы 30 жылда биринчи жолу ири масштабдуу реконструкциядан өтүүдө. Долбоор министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.

«Манас Ордо» комплексиндеги реконструкция иштерин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аяктоо пландалууда.

14-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X