Манас Осмон: “Эркин-Тоо” менин журналистикадагы мектебим
2011-жылы 34 жаштагы Манас Осмон гезитибиздин башкы редакторлук кызматына дайындалып, өкмөттүн жооптуу кишиси аны жамаат менен тааныштырууга алып келди. Буга чейин ал мезгилдүү басма сөздөрдө иштеген. 2014-жылга чейин гезитти жетектеп, редакцияны мурдагы тарыхый имаратына көчүрүп коюп кетти. Башкы редактор катары жамаатты бир максатка бириктирип, ар бир кызматкердин мүмкүнчүлүгүн ачып берип, жекече да иштешип, жылуу мамилени сактады. Басылмадагы ар бир сөз үчүн жоопкерчилик алып, чындыкты карманган принципиалдуулугу, уюштуруучулугу бийик, күчтүү лидер жана чыгармачыл инсан катары таанылды. Ар бир редактордун ишмердүүлүгүндө өзүнө гана таандык, бири-бирине окшобогон өзгөчөлүктөр болот экен. Манас Осмондун дагы бир өзгөчөлүгү — редакцияда түз байланыштарды жандандырып, жаңы деңгээлге көтөрүп, гезиттин аброюн арттырган. Анын жетекчилиги менен ошол мезгилдеги Президент Роза Отунбаева, өкмөт башчылар Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жогорку кызмат адамдары, министрлер редакцияга келип, жамаат менен жандуу маек курушуп, окурмандардын суроолоруна түз байланыш аркылуу жооп беришкен. Бүгүн ошол күндөрдү эстеп, Манас мырза менен кеңири маектештик.
– Манас Орозбаевич, сиз редактор болуп турган мезгилде “Эркин-Тоо” кандай өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү?
– Менден мурдагы редакторлор “Эркин-Тоонун» материалдык жана техникалык базасын чыңдашкан экен. Мен ошол эле демилгени улап кеттим деп ойлойм. Гезиттин финансылык жагын чыңдадык. Эң башкы жетишкендик – 2012-жылы редакция өзүнүн имаратына ээ болду. Буга ошол кездеги Президент Роза Отунбаеванын эмгеги зор. Мындан тышкары Улуттук филармонияда гезиттин 20 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөздүк.
– Эмгек жамааты менен иштөөдө кандай принциптерди карманчу элеңиз?
– Эртеби же кечпи, бир күнү кызматымды тапшырып кетээримди бөркүмдөй сезип, ар дайым ошого даяр болчумун, өзүмдү ошого карата түздөөр элем. Журналисттер чөйрөсү менен бир жолу болсо да кер-мур айтышканым жок. Колуман келишинче шарт түзгөнгө, эркиндиктерин чектебегенге аракет кылдым. Ошондуктан, алар менен сый мамиледе калдым. Бүгүнкү күндө да жүзүм жарык. Жалпы жамаат дагы менин бардык демилгемди колдоп, тикесинен тик туруп беришкен.
– Гезиттин саясатка болгон таасири мурда кандай эле жана азыркы учурдагы гезиттин коомдогу орду жөнүндө айтып берсеңиз?
– “Эркин-Тоо” салмактуу жана абройлуу расмий гезит. Мамлекетибиздин айыл-кыштактарына чейин жеткен маалыматтын чабарманы десек болот. Ошол бийик деңгээлин сактап, бүгүнкү күнгө чейин салмактуу макалалары менен жарык көрүп келатканы кубандырат.
Андыктан, саясий кир окуялардан алыс, тараза ташы төп келген калыс, коомго күзгү гезит деп айтаар элем. Мурда кандай болсо, азыр деле ошол жолунан тайган жок. Эгерде жеңил-желпи макалаларга орун берсе, анын оор салмагына доо кетпейби.
– Сиз үчүн башкы редакторлук кызматынын эң кыйын учурлары болдубу?
– Редакторлук кызматтын ар бир күнү кыйын учур деп ойлойм. Анткени, жоопкерчиликти талап кылат, ошого ылайык аракет, демилге керек. Ар бир материалды так, туура жана өз убагында даярдап чыгаруу керек. Маалыматтын ишенимдүүлүгүн кылдат текшерүү, авторлор менен иштешүү, айрым учурда кошумча жана уюштуруучулук иштерде жана ар кандай маселелерде кыска убакытта туура жана так чечим кабыл алуу керек болот. Ошого жараша редактордон тынымсыз аракет, тактык, сабырдуулук, калыстык, демилгелүүлүк жана адамгерчилик талап кылынат. Кээде өзүңдү бир чоң үй-бүлөнүн атасындай эле сезесиң, себеби жамааттын айлык-маяналарын өз убагында берсем экен деп кам көрөсүң, ар бир кызматкердин абалын ойлоносуң.
– Бул кызмат сизге эмнени үйрөттү?
– Мен аталган гезитке сырттан, эркин гезиттерден келдим да. Ошон үчүн менин чыныгы мектебим – “Эркин-Тоо”. Тарбия көрдүм, адамдар менен иштешкенди үйрөндүм. Ийгиликке карай жамаат менен бирге аракеттендик. 34 жашымда башкы редактор болуп бардым. Жаш, анан тажрыйбасыз дебей жакшы колдошту. Мен азыркы күнгө чейин ошол убактагы эмгек жамаатыма ыраазычылык билдирем.
– Кайсы чечимиңизге бүгүнкү күнгө чейин сыймыктанасыз?
– Гезит көп жылдан бери “Учкун” акционердик коомунун 8-кабатында акы төлөп ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген экен. Кудай буйруп, азыркы имаратына көчүп келдик. Имарат талкаланган, эшиктери менен айнектери сынган, дубалдары күүлгөн абалда эле. Сырттан кошумча каражат таап, оңдоп-түзөп кирип алдык. Менимче, ал жалпы жамаатымдын ийгилиги болду. Өмүр бою жамааттын да эсинде калган ушул зор эмгегим менен сыймыктанам.
– Гезитти жаңы имаратка көчүрүү демилгеси кантип жаралган жана бул процессти ишке ашыруу абдан кыйын болду беле?
– Менден мурдагы редакторлор козгоп, бирок, ишке ашыра албаган демилге болчу. Келген редакторлор өз деңгээлинде аракет кылып, бир кадамдан ийгиликке жакындатып кетишкен. Мени жамаатка тааныштыруу учурунда дагы ушул маселе козголгон эле. Биротоло ишке ашыруу бизге буйруду. Ошол кездеги Президент Роза Отунбаевага көп ирет кирдим, демилгемди колдоп, кирген сайын тийиштүү жетекчилерге дайындап, өз көзөмөлүнө алып жатты. Антпесе, бул маселе чечилмек эмес.
Ал өтө кыйын учур болгон. Ак үйдөгү, айрым үлкөн кызматта тургандар каршы болушкан. «Кызматтан кеткиси келип жатыптырбы»,- дешкен. Алардан корккон да, сөздөрүнө маани да берген эмесмин. Тынымсыз чоң максатка жетүүнүн аракетин кыла бердим. Кээ бир окуяларды эч качан айтууга болбойт. Деңгээли төмөн кээ бир жетекчилердин ошондогу кылган мамилесине аябай уяласың. Имаратты алуу үчүн сөгүүсүн да угуп, кагуусун да жегенбиз. Бирок, баарын жутканга туура келген.
Ошентип, бир жылдан ашык убакыт тынымсыз аракеттендик. Эженин тапшырмасын айтып, көптөгөн чоңдордун эшигин кактык, сурандык. Ошондо да маани бербеген жана жардам бергиси келбеген жетекчилер көп болгон. Жакшы жагы, ал күндөр артта калды, бүгүн гезиттин үстүндө өз үйү бар дегендей.
– Бул жетишкендикти азыр кандай баалайсыз?
– Билбейм эми, муну жетишкендик деп баалоого болобу? Бирок, азыр эстесем сүйүнөм. Айрым учурларда сүйүнүчүнөн капачылыгы көп болгон. Имаратты бизге алдырып жибергендер бизди аябай жамандап, жекеликке чейин асылышкан. Алардын эч бирине маани берген эмеспиз.
– Мамлекеттик гезиттин каржылык абалы кандай эле?
– Коомчулукта кеңири маалымат жок болгондуктан, сырттан караганда өкмөт “Эркин-Тоого” кочуштап эле акча берип жаткандай туюлат. Гезит негизинен дагы деле жарнаманын негизинде жашаарын көпчүлүгү биле бербейт деп ойлойм. 2014-жылдары Кыргыз өкмөтүнүн материалдык колдоосу жылдык 450 миң сомду түзчү.
– Мурдагы басма сөз менен азыркы интернет медианы салыштырып бересизби?
– Технологиялык өсүштөр басма сөзгө да таасирин тийгизди. Жарык көргөн көп гезиттердин 85%ы азыр жок. Макалалар кыскарды, керек болсо, алардын мазмуну да, мааниси да өзгөрдү. Ар бир доордо басма сөздүн тагдыры ошол мезгилге ылайык болот экен. Азыр блогерлер көп. Балким, замандын талабы ошондойдур.
– Азыркы журналистикадагы сизди кубандырган жана тынчсыздандырган нерселер?
– Тилекке каршы, кубанта турган жайы азыраак. Чыныгы журналисттер азайып баратышат же журналистиканы таштап, башка жумуштарга кетип калгандар көп. Журналистика олку-солку замандын кароосуз калган кесибине айланбадыбы. Кубандырганы – замандын катаалдыгына баш ийбей, өжөрлүк менен дале кээ бир кесиптештер журналистиканын байрагын бийик көтөрүп келатышат.
– Жаш журналисттерге кандай кеңеш берет элеңиз?
– Журналисттик кесип кааласа да, каалабаса да саясат менен эриш-аркак жүрөт. Азыр көпчүлүгүбүз окубай калдык. Билимдүү журналисттер азыраак болуп жатат. Университетте берген билимдери ушул дебей, өз алдынча даярдык көргөнү жакшы. Журналист зээндүү, ариети бийик, билимдүү болушу керек. Кеңешим ушул.
– Эгер ошол башкы редактор болгон учурду кайра баштан өткөрсөңүз, эмнени башкача кылмаксыз?
– Ар бир редактор бир нерселерди жасап отуруп, “Эркин-Тоо” жаңы бийиктиктерге көтөрүлдү. “Менде муну же тигини жасасам болмок» деген өкүнүү таптакыр жок. Дараметиме ылайык жасаар ишти жасадым. Эми учурдагы гезиттин башкы редактору Жазгүл Жузуповнанын жетекчилигинде өйдөлөй бергиле. Сиздер ичтен, биз, иштеп кеткендер сырттан дегендей. “Эркин-Тоо” – кут даарыган гезит. 35 жылдык мааракеси куттуу болсун! Сиздер менен иштешип, кесиптеш болгонума сыймыктанам. “Эркин-Тоо” – менин журналистикадагы чоң мектебим жана кесиптик өсүшүмө чоң салым кошкон улуу уям.
Маектешкен Бактыгүл Кулатаева