Манас Осмон: Марлен Маматалиевдин мурдагы спикерлер менен жолугушуусун саясатташтыруунун кереги жок

7-июнь, 2026-ж. / Редакция / Коом 223

Журналист Манас Осмон Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин мурдагы төрагалар менен жолугушуусунун айланасындагы талкууларга пикирин билдирди.

Анын айтымында, айрымдар президенттик шайлоонун алдында облусту, районду же шаарды башкарууга кызыкдар адамдар ар кандай божомолдорду айтып жатышы мүмкүн.

«Мурда да ушундай көрүнүштөр болгон. Акаевдин шайлоо штабын башкаргандар кийин Бакиевдин, Атамбаевдин жана Жээнбековдун штабдарында да иштеп келишкен. Коомчулук мындай көрүнүштөрдү сынга алып, нааразы болуп келген», — деди ал.

Манас Осмон бул жолу кырдаал башкача болушу мүмкүн экенин белгиледи.Возможно, это изображение текст

«Менин жеке пикиримде, спикер өлкөнү убактылуу башкарып калбайт. Президент мамлекеттик кызматкерлерди жана депутаттарды шайлоо өнөктүгүнө аралаштырбайт деп ойлойм. Ошондуктан Марлен Маматалиев президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү башкарат деген пикир абсурд көрүнөт», — деп жазды ал.

Ошондой эле Манас Осмон кечээ Марлен Маматалиевдин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары менен жолугушуусу коомчулукта кызыгуу жаратканын белгиледи.

Анын маалыматына ылайык, «Спикерлер клубу» буга чейин эле түзүлгөн. Клубдун мүчөлөрү квартал сайын жолугуп, мамлекеттин өнүгүшү боюнча пикир алышып, өздөрүнүн көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп турушат.

«Мунун эмнеси жаман?» — деп жыйынтыктады Манас Осмон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X