Манас шаарында 350 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашууда
Манас шаарында сугат суу маселесин чечүүгө жана айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылуу шарттарын жакшыртууга багытталган насостук станциянын курулушу жүрүп жатат.
Долбоор республикалык бюджеттен 350 млн сом өлчөмүндө каржыланып, жалпы узундугу 6 800 метр болгон суу түтүктөрү тартылат. Курулуш иштерин «Нуралы Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө.
Учурда курулуш иштеринин 50 пайызга жакыны аткарылды.
Долбоордун ишке ашырылышы дыйкан-фермерлердин сугат сууга болгон жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдаланууга багытталган.