Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулат

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 35

Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 жаңы мектеп куруу пландалууда.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, Президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Абдупат Маткаликов менен бирге Манас шаарында курула турган социалдык объекттердин долбоорлорун карап чыгып, жыйын өткөрдү.

Манас шаарында курулуучу объектилердин тизмеси:
1. Көк-Арт муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасындагы Достук кичи көчөсү 25/2 дарегинде 375 орундуу жаңы мектеп;
2. Курманбек муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Г. Мамбеталиев көчөсүндө 650 орундуу жаңы мектеп;
3. Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Чолок-Терек айылынын А. Керимбеков көчөсү 167 дарегинде 275 орундуу жаңы мектеп;
4. Спутник кичи шаарчасынын Р. Азизов көчөсү 13 дарегинде жайгашкан мектепке 650 орундуу кошумча корпус;
5. Достук муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №5 Б. Осмонов атындагы орто мектепке (Л. Фурманов көчөсү 5) 275 орундуу кошумча корпус;
6. Достук кичи шаарчасындагы №21 Ж. Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус.
25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X