Манас шаарында 7 млн долларга таш майдалоочу завод курулду
Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жаңы таш майдалоочу завод курулду. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, завод саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш жүргүзүүгө ылайыкташкан. Курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, объектти жакынкы убакта толук ишке берүү пландалууда.
Өндүрүш объектиси кытайлык инвесторлордун колдоосу менен курулуп, жалпы наркы 7 млн долларды түздү. Завод толук ишке киргенден кийин 70ке жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.
Учурда ишканага 60ка жакын жаңы техника алып келинди. Ошондой эле объект Көк-Арт дарыясынын жээгине жакын жайгашкандыктан, дарыянын коргоо зонасын сактоо жана кошумча дамба куруу боюнча иштер жүргүзүлөрү белгиленди.