Манас шаарында Ак-Тилек кичи шаарчасында жаңы мектептин курулушу уланууда

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

Манас шаарындагы Ак-Тилек кичи шаарчасында 375 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Учурда имараттын чатыры жабылып, ички шыбак жана сырткы жылуулоо иштери аткарылууда.

Жалпы аянты 4 200 чарчы метрди түзгөн мектеп заманбап талаптарга ылайык салынып, окуу кабинеттеринен тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютердик класстар, спорт залы жана башка керектүү жайлар менен камсыздалат.

Курулуш иштери тиешелүү адистердин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X