Манас шаарында ири спорт сарайы курулууда

Манас шаарында 5200 көрүүчүгө ылайыкташкан заманбап борбордук спорт сарайынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги маалымдады.

Ири спорттук объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун башкы планы боюнча спорт сарайынын жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт.{{ item.title }}

Жаңы комплексте төрт кабаттуу административдик имарат, бассейн, машыгуу аянтчалары, VIP коноктор үчүн атайын орундуктар, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн аянтча, медициналык пункт, тамактануучу жай жана унаа токтотуучу жайлар каралган.{{ item.title }}

Спорт сарайы пайдаланууга берилгенден кийин шаар тургундары үчүн ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X