Манас шаарында кыргыз тилинин талаптарына жооп бербеген жарнамалар алынды
Манас шаарында мамлекеттик тил талаптарын бузган көрнөк-жарнактар текшерилип, иретке келтирилди.
Шаар мэринин тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө грамматикалык жана орфографиялык каталары бар, тил эрежелерине туура келбеген жарнамалар алынды.
Ошондой эле ишкерлерге көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилдин талаптарына ылайык даярдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.