Манас шаарындагы “Акылман” мектеп-лицейинин курулушу 75 пайызга аяктады

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында курулуп жаткан “Акылман” атындагы Президенттик мектеп-лицейинин курулушунун жүрүшү текшерилди.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев 28-июнда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы бир катар курулуш объектилерин, анын ичинде аталган мектеп-лицейдин курулушун жеринен көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө министр курулуш иштеринин сапатына, аткарылып жаткан жумуштардын темпине жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилүү болгондой, буга чейин объекттин жалпы сметалык наркы 2,1 миллиард сомдон ашык болуп, курулуштун бир чарчы метринин баасы 1 103 АКШ долларын түзгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги долбоордун сметалык наркын кайра эсептеп, оптималдаштырган.

Натыйжада курулуштун бир чарчы метринин баасы 750 АКШ долларына чейин төмөндөтүлүп, жалпы сметалык наркы 1,7 миллиард сом болуп бекитилген. Учурда курулуш иштерин министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Мектеп-лицейдин жалпы аянты 2,4 гектарды түзөт. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу, 360 окуучуга ылайыкталган окуу корпусу, 410 орундуу жатакана жана мугалимдер үчүн 25 батирлүү беш кабаттуу турак жай курулуп жатат.

Окуу корпусунда 34 окуу классы, китепкана, ашкана, жыйындар залы, предметтик лабораториялар, 25 метрлик бассейн жана заманбап спорт залы жайгашат. Мындан тышкары, эл аралык стандарттарга жооп берген стадион, жеңил атлетика үчүн чуркоо жолу курулуп, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Учурда объекттеги курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга аяктады. Курулуштун жүрүшү жана сапаты Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө.

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X