Манас шаарындагы университетте коррупция фактысы аныкталып, проректор кармалды
Манас шаарындагы «Заманбап эл аралык университетинде» коррупция фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу жайдын айрым окутуучулары жана бир проректору студенттерден мыйзамсыз акча чогултканы аныкталган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, акча студенттерге жогорку бааларды коюу, тесттерге жана экзамендерге киргизүү, аралык жана жыйынтыктоочу баалоолордон өткөрүү, ошондой эле окуу процессине байланыштуу маселелерди чечүү үчүн алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») менен кылмыш иши козголду.
УКМКнын маалыматына караганда, университеттин проректору Э.Н.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.