"Эркин-Тоо"

«Манас» университети 70 гектар жерди ижарага алат

Кыргыз-Түрк “Манас” университети 70 гектар жерди ижарага алат. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Акылбек Жапаров кол койду.

Жер тилкеси Президенттик администрацияга караштуу «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркында жана Байтик айылында жайгашкан.

Документке ылайык, ижара мөөнөтү 49 жыл. Бул жер туруктуу айыл чарба, токой чарбасы жана мал чарбачылыгы боюнча илимий борборду уюштуруу үчүн өткөрүлүп жатат. Университет үч жылдын ичинде ишин уюштуруп, башташы керек.

Пример HTML-страницы