Манас университети — ар дайым өнүгүү, изденүү жолунда

27-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 169

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркиянын Айыл чарба жана токой министринин орун басары Мехмет Хади Тунч менен жолугушту.  Жолугушуунун алкагында Манас университети айыл чарба, тамак-аш, дыйканчылык жана мал чарбачылык тармагына салым кошо турган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келгендигин жана дагы да Түркиянын Айыл чарба жана токой министрлигинин колдоосу менен натыйжалуу жана сапаттуу улантылышы мүмкүн экени тууралуу университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз оюн билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы достук мамилени бекемдеген “алтын көпүрө” болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университети эки өлкөнүн айыл чарба министрликтеринин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү роль ойнойт деген ишенимдүү пикирге келишти. Мехмет Хади Тунч Манас университетинин өнүгүүгө өрүш алганына ыраазы болду, бул боюнча Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Айзада Дүйшөнбаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X