«Манас» университетинде өткөн ачык асман алдындагы ооз ачууга 8 миң адам чогулду

10-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 68

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунда салттуу ачык асман алдындагы ооз ачуу иш-чарасы өтүп, ага 8 миң адам катышты. Беш жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан ооз ачууда министрлер, элчилер, мамлекеттик жетекчилер, окутуучулар, студенттер жана шаар тургундары бир дасторкондо чогулушту.

Иш-чара өткөн аймактагы көчө бойлой коюлган дасторкондор, кампустагы бактар жана ректорлук имаратынын алды Рамазан айына мүнөздүү чырактар менен кооздолуп, майрамдык маанай жаратты.

Ифтар башталганга чейин университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев конокторду тосуп алып, дасторкондорду кыдырып студенттер менен баарлашты. Андан соң алар Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исматова жана Түркиянын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен бирге тамак таратуу жайына барып, катышуучуларга өз колдору менен тамак салып беришти.

Кампустун аймагында уюштурулган 12 тамак таратуу жерлеринде 8 миң адамга ооз ачуу тамагы берилди. Түркиянын Бишкектеги элчилигинин Дин кызматтары боюнча кеңешчилигине караштуу дин кызматкери Шакир Байыр азан окугандан кийин ооз ачышты.

Иш-чаранын алкагында маданий программалар уюштурулуп, коноктор үчүн сүрөткө түшүүчү атайын жайлар даярдалды. Катышуучуларга “тиш акы” белектери таратылып, түрк ашканасына таандык “Османлы мажуну” сыяктуу салттуу даамдар сунушталды. Дасторконго жасмык шорпосу, эттүү палоо, айран, курма, салат, таттуулар, чай жана шербет коюлду.

Белгилей кетсек, Рамазан айы башталгандан бери университетте студенттер үчүн күн сайын акысыз ооз ачуу тамактары уюштурулуп, маданий жана социалдык иш-чаралар өткөрүлүп келет. Университеттин маалыматына ылайык, Рамазан айына карата пландалган иш-чаралар мындан ары да улантылат.

10-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X