“Манас” университетинин аймагындагы жол маселеси кайра көтөрүлдү

13-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 135

Айбек Жунушалиев Бишкектеги жол маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Ал 13-майдагы журналисттер үчүн уюштурулган пресс-тур маалында Кыргыз-түрк “Манас” университети аркылуу өтө турган жолдун ачылышы боюнча иштер кайра жанданганын билдирди.

Мэрдин айтымында, долбоордун убактылуу токтоп калышы шаардын жаңы башкы планынын бекитилишин күтүү менен байланыштуу болгон. Эми документ расмий кабыл алынгандан кийин долбоорлоо иштери башталат.

Буга чейин Адылбек Касымалиев Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорун бекиткен. 11-майда жарыяланган жаңы картага ылайык, Миңжылкиев көчөсү “Манас” университетинин аймагын кесип өтүп, Манас проспектисине чыгат. Ошондой эле Анарбек Бакаев көчөсү да окуу жайдын аймагы аркылуу өтүп, Тыналиев көчөсү менен туташары көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X