Евразия жазуучулар биримдигинин изилдөө сыйлыгы 24-ноябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга тапшырылды. .Бул тууралуу аталган окуу жайдын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Евразия жазуучулар биримдигинин башкармалыгынын төрагасы, доцент Якуп Өмероглу: “Зор эмгектин натыйжасында даярдалган бул эмгектин эң маанилүү өзгөчөлүгү — Чыгыш Анадолудагы алгачкы мезгилдеги түрк издерине таандык материалдык табылгалар жана археологиялык борборлор топтолгон биринчи жана комплекстүү эмгек болушу. Ошондуктан китептин аты: Чыгыш Анадолуда алгачкы мезгилдеги түрк издери.” Бул эмгектин эң башкы өзгөчөлүгү — 1071-жылы Манзикерттен башталганы айтылган Анадолунунун түрктөшүү процессин археологиялык далилдер менен алда канча артка алып барат, “- деди.
Ректор, профессор Жейлан китептин мазмуну тууралуу пикирин бөлүшүп: “Жаңы тарых диссертациясын алдыга коюу үчүн жетиштүү тарыхый маалыматтар, документтер жана ресурстар, ошондой эле синхрондуу изилдөөлөр жана талаа изилдөөлөрүнө муктаждык бар. Айрыкча сөз Анадолу сыяктуу байыркы география тууралуу болгондо, бул көп түрдүү материал жана ыкмаларга болгон муктаждык дагы да күчөйт. Батыштын тарых түшүнүгүнүн продуктусу катары орто кылымдагы араб, византия, грузин, перс, латын, түрк жана ушул сыяктуу жазма булактардын алкагында “Анадолунун түрктөшүү процесси” жаңы иштелип чыккан илимий ыкмалардын жана анализдердин аркасында кайрадан талкууга алынууга муктаж болду.
Болжол менен 25 жылдан бери Түндүк-Чыгыш Анадолу аймагында чоң бир топ менен жүргүзгөн жер үстүндөгү изилдөөлөр жана казууларда алгачкы доордогу түрк издери деп аталган аска сүрөттөрү, таш скульптуралар, штамптар, белгилер, руникалык жазуулар жана символдор отурукташуу учурунда Кавказ аркылуу Анадолуга келгенин аныктадык. “1071-жылга чейинки Анадолуда түрктөрдүн бар болушу” аттуу тезис антитезис да эмес, Республика доорунан кийинки талаштуу тезистердин арасында да эмес. Бул диссертацияда Анадолу талааларында жана жайлоолорунда жашап, талаа салттарын чагылдырган көчмөндөр менен түрк этносунун ортосундагы карым-катнаштар көп өңүттө каралат,”-деди.
Түрк тарых коому тарабынан басылып чыккан бул китеп Анадолудагы алгачкы түрк издеринин кириш сөзүн камтыйт. Келечекте илимий изилдөөлөрдү жүргүзө турган жаш изилдөөчүлөргө багыт бере турган эмгек экендиги белгиленди.